Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-сентябры № 20-1
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылында жайгашкан Абдижалил Парипев атындагы мектеп гимназиясынын № 3 имаратынын эскилиги жетип жараксыз абалга келгендигине байланыштуу № 3 имаратты бузуп ордуна жаныдан мектеп курууга уруксат берүү жөнүндө
Айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылында жайгашкан Абдижалал Парпиев атындагы мектеп гимназиясынын № 3 имаратынын эскилиги жетип, дубалдан жаракалар чыгып полдору чирип баштаган. Бул боюнча :
- Ноокат райондук архитектурасынын 25-июль 2013-жылдагы актысы
- Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 1-август 2013-жыл № 229-каты
- Кыргыз Респбуликасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Ноокат раойндук бөлүмүнүн 19-август 2013-жылдын № 3 -184-корутундусу
- А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын ата-энелеринин 11-сентябрь 2015-жылдагы протоколу бар.
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция курулуш жол транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергия бонча проектинин негизинде мектептин № 3-имаратын бузуп жаны мектепке жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө Кыргыз-Ата айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылындагы А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын № 3 имараты бузулсун жана жаны мектеп курууга долбоорго ылайык жер аянтын ажыратылып берилсин.
2. Эски мектептин имаратын бузуу, мектеп имаратын бузуудан алынган курлуш материалдарын тактап, айыл өкмөтүнүн балансына кириштөө боюнча комиссия курамы түзүлсүн.
3. Бузуудан алынган курулуш материалдарын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги «Жылдызча-Нур» балдар бакчасына берилсин.
4. Жаныдан курулуп жаткан мектептин иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Аттокуровго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Асановго тапшырылсын.
6. Токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинен суралсын.
Төрага | С. Турдуев |