ТоктомКүчүндө

Боо-Терек айылдык Кеңешинин 2012-жылдын 17-мартындагы № 14 «Боо-Терек айыл округунун тургундарынын өзүнө тиешелүү менчик үлүш жерлериндеги жана огороддорундагы арыктарды тазалоону ишке ашыруу жөнүндө» токтому

Редакция17.03.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX чакырылышындагы кезексиз XXVI сессиясы

2012-жылдын 17-марты № 14

 "Боо-Терек айыл округунун тургундарынын өзүнө тиешелүү менчик үлүш жерлериндеги жана огороддорундагы арыктарды тазалоону ишке ашыруу жөнүндө".

 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агенттигинин 2011-жылдын 19-декабрындагы №01-16/369 чыгыш сандуу катын талкуулап жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Боо-Терек айыл округунун ар бир тургуну өзүнө тиешелүү менчик үлүш жерлериндеги жана огороддорундагы арыктарды тазалоого милдеттендирилет.

2. Бул токтомго баш ийбеген тургундарга 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып салынсын.

3. Бул токтомдун ишке ашыруу жана аткаруу жагы Боо-Терек айыл округунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектөөчү адиси Дж.Аблаевге жана айыл округунун СПАнын жетекчилерине милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

К. Осмонбеков