Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-сентябры № 2
«Боо-Терек айылдык аймагынын тренажерный спорттук залын толук капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө»
Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, айыл өкмөтүнүн башчысы Кермалиев Идиристин тренажерный спорттук залды толук капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча демилгесин угуп, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык аймагындагы тренажерный спорттук залдын имаратын толук капиталдык оңдоодон өткөрүү максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Тренажерный спорттук залды толук капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоорду даярдоо жагы Кыргыз Республикасынын Эл Агартуунун отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек синирген машыктыруучусу Эсенкулов Рысбек Шаршекеевичке тапшырылсын.
3. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын 175935 (бир жүз жетимиш беш миң тогуз жүз отуз беш) сому: айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагыкөрсөтүлгөн үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттын өздүк салымына 88000 (сексен сегиз миң) сом кошумча каражаттарданболунуп берилсин, калган 87935 (сексен жети миң тогуз жүз отуз беш) сому, материал түрүндө жана эмгек ресурсу менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Кермалиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Кермалиевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Смайылбеков |