Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-сентябры № 7
«Боо-Терек айылдык аймагынын «Ак-Бата» жаштар жамаатын уюштуруу жөнүндө».
Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, айылдык аймагынын депутаты Бейшебаев Эрнистин «Боо-Терек айылдык аймагынын «Ак-Бата» жаштар жамаатын уюштуруу жөнүндөгү» арызын жана демилгесин угуп, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Боо-Терек айылдык аймагында «Ак-Бата» жаштар жамаатын түзүлүшү, максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Боо-Терек айылдык аймагынын «Ак-Бата» жаштар жамаатын каттоо жагы Талас облустук юстиция башкармалыгына сунушталсын.
3 Боо-Терек айылдык аймагынын «Ак-Бата» жаштар жамаатын, Талас облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Бейшебаев Эрниске тапшырылсын.
4 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык аймагынын «Ак-Бата» жаштар жамаатына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |