Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-сентябры № 3
«Боо-Терек айылдык аймагындагы «Б. Сатыбеков» атындагы орто мектебинин ашканасындагы эмеректерди жаңыртып жана оңдоп (ремонттоп), ошондой эле мектептин айланасына тосмо (ограда) куруу жөнүндө»
Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, «Б. Сатыбеков» атындагы орто мектебинин директору К. Садабаеванын долбоору боюнча, мектептин ашканасын оңдоо (ремонттоо) жана эмеректерди жаңыртуу, ошондой эле мектептин айланасына тосмо (ограда) куруу жөнүндөгү демилгесин угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Боо-Терек айылдык аймагындагы «Б. Сатыбеков» атындагы орто мектептин ашканасын оңдоо (ремонттоо) жана эмеректерди жаңыртуу, ошондой эле мектептин айланасына тосмо (ограда) куруу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2 «Б. Сатыбеков» атындагы орто мектептин ашканасын оңдоо (ремонттоо) жана эмеректерди жаңыртуу, ошондой эле мектептин айланасына тосмо (ограда) куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жагы «Б. Сатыбеков» атындагы орто мектебинин директору К. Садабаевага тапшырылсын.
3 Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын 120 000 (бир жүз жыйырма миң) сому: айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы көрсөтүлгөн үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттын өздүк салымына 90 000 (токсон миң) сом кошумча каражаттардан бөлүнүп берилсин жана калган 30 000 (отуз миң) сому эмгек ресурсу менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Кермалиевге милдеттендирилсин.
4 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Кермалиевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Смайылбеков |