Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-сентябры № 4
«Боо-Терек айылдык аймагындагы 1995-1996-жылы төрөлөгөн балдарга мурда Жогорку Кеңештен транш болуп келген тизмени кайрадан тактоо жөнүндө»
Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, «Боо-Терек айылдык аймагындагы 1995-1996-жылы төрөлгөн балдарга мурда Жогорку Кеңештен транш болуп келген тизмени кайрадан тактоо жөнүндөгү» депутат Ж. Алымбековдун сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Боо-Терек айылдык аймагындагы 1995-1996-жылы төрөлгөн балдарга мурда Жогорку Кеңештен транш болуп келген тизмени кайрадан тактоо максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2 Боо-Терек айылдык аймагындагы 1995-1996-жылы төрөлгөн балдарга мурда Жогорку Кеңештен транш болуп келген тизмени кайрадан тактоо жагы айылдык Кеңештин туруктуу жер комиссиясынын депутаттарына тапшырылсын.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл-чарба боюнча жетектөөчү адиси Дж. Аблаевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Смайылбеков |