Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-сентябры № 6
«Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан «Кош-Арыкка» кеткен асма көпүрөдөн асфальт жолго чейин 10 машина шагыл түшүрүп берүү жөнүндө»
Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, «Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан «Кош-Арыкка» кеткен асма көпүрөдөн асфальт жолго чейин 10 машина шагыл түшүрүп берүү жөнүндөгү» Осмонбеков Кутманалынын суранычын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан «Кош-Арыкка» кеткен асма көпүрөдөн асфальт жолго чейин 10 машина шагыл түшүрүлүп берилсин.
2. Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан «Кош-Арыкка» кеткен асма көпүрөдөн асфальт жолго чейин 10 машина шагыл түшүрүү үчүн, ашыкча түшкөн каражаттардан акча каражат бөлүп берүү жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Кермалиевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Смайылбеков |