Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-сентябры № 8
«Боо-Терек айылдык аймагындагы АВП «Кураматөр»гө административдик айыптан түшкөн 20 000 сом акчаны которуп берүү жөнүндө»
Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, «Боо-Терек айылдык аймагындагы АВП «Кураматөр»гө административдик айыптан түшкөн 20 000 сом акчаны которуп берүү жөнүндөгү» Молдалиев Кубаттын суранычын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Боо-Терек айылдык аймагындагы АВП «Кураматөр»гө административдик айыптан түшкөн 20 000 (жыйырма миң) сом акча которулуп берилсин.
2.Боо-Терек айылдык аймагындагы АВП «Кураматөр»гө административдик айыптан түшкөн 20 000 (жыйырма миң) сом акчаны которуп берүү жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Кермалиевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Смайылбеков |