Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-сентябры № 9
«Боо-Терек айылдык аймагынын тургуну Молдалиев Кубаттын үлүш жерин толуктап ченеп берүү жөнүндө».
Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, «Боо-Терек айылдык аймагынын тургуну Молдалиев Кубаттын үлүш жерин толуктап ченеп берүү жөнүндөгү» суранычын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Боо-Терек айылдык аймагынын тургуну Молдалиев Кубаттын үлүш жери толуктап, ченеп берилсин.
2. Боо-Терек айылдык аймагынын тургуну Молдалиев Кубаттын үлүш жерин толуктап ченеп берүү жагы айылдык Кенештин туруктуу жер комиссиясынын депутаттарына жана айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл-чарба боюнча жетектөөчү адисине Дж. Аблаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл-чарба боюнча жетектөөчү адиси Дж. Аблаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Смайылбеков |