Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-сентябры № 10
«Боо-Терек айылдык аймагындагы №416- контурундагы жерди элге огород-участокко бөлүп берүү тартиби жөнүндө»
Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, «Боо-Терек айылдык аймагындагы №416- контурундагы жерди элге огород-участокко бөлүп берүү тартиби жөнүндөгү» бир канча депутаттардын сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Боо-Терек айылдык аймагындагы №416-контурундагы жерди элге огород-участокко бөлүп берүү үчүн төмөндөгүчө тартиби бекитилсин:
Үй-бүлөлөрдүн социалдык жагы каралсын;
Жалгыз бой энелерге огород берилсин;
Жергиликтуу жааматтардан турган комиссия түзүлүп, кайра Кеңештин сессиясынан каралып бекитилсин;
Мурда огород алып, кайра сатып жибергендерге огород берилбесин;
12 сотыхтан огород берилсин.
2.Бекитилген 1-пункттагы тартип боюнча иш алып баруу жагы жергиликтүү айылдык Кенештин туруктуу жер боюнча комиссиясынын депутаттары менен айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл-чарба боюнча жетектөөчү адиси Дж. Аблаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |