Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-сентябры № 11
«Боо-Терек айылдык аймагындагы «Жайыт» комитетине өткөн № 416-контурундагы 38,6 га жерди, кайрадан айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө»
Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, «Боо-Терек айылдык аймагындагы «Жайыт» комитетине (жакынкы жайыт болуп өткөрүлүп берилген 576 га жердин ичинен) №416-контурундагы 38,6 га жерди, кайрадан айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндөгү» айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл-чарба боюнча жетектөөчү адиси Дж. Аблаевдин сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Боо-Терек айылдык аймагынын «Жайыт» комитетине (жакынкы жайыт болуп өткөрүлүп берилген 576 га жердин ичинен) № 416-контурундагы 38,6 га жер, кайрадан Боо-Терек айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.
2.Боо-Терек айылдык аймагынын «Жайыт» комитетине (жакынкы жайыт болуп өткөрүлүп берилген 576 га жердин ичинен) № 416-контурундагы 38,6 га жерди, кайрадан Боо-Терек айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл-чарба боюнча жетектөөчү адиси Дж. Аблаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарына калтырылсын.
Төрага | Э. Смайылбеков |