Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-сентябры № 12
«Бакай-Ата РЭСинен Боо-Терек айылдык аймагынын «Күмүштак» жамаатына 1 трансформаторду алып келип, орнотуп берүү жөнүндө»
Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, депутат Д. Нарботоевдин «Бакай-Ата РЭСинен Боо-Терек айылдык аймагынын «Күмүштак» жамаатына 1 трансформаторду алып келип, орнотуп берүү жөнүндөгү» сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
«Бакай-Ата РЭСинен Боо-Терек айылдык аймагынын «Күмүштак» жамаатына 1 (бир) трансформаторду алып келип, орнотуп берүү жагы Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы И. Кермалиевге сунушталсын.Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарына калтырылсын.
Төрага | Э. Смайылбеков |