Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-сентябры № 13
«Боо-Терек айылдык аймагынын «Күмүштак» жамаатынын көчөлөрүндөгү жаңы коюлган 4 көпүрөнүн үстүнө 10 машина шагыл түшүрүп берүү жөнүндө»
Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, «Боо-Терек айылдык аймагынын «Күмүштак» жамаатынын көчөлөрүнө жаңы коюлган 4 көпүрөнүн үстүнө 10 машина шагыл түшүрүп берүү жөнүндөгү» депутат Д. Нарботоевдин суранычын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Боо-Терек айылдык аймагынын «Күмүштак» жамаатынын көчөлөрүндөгү жаңы коюлган 4 көпүрөнүн үстүнө 10 (он) машина шагыл түшүрүлүп берилсин.
2.Боо-Терек айылдык аймагынын «Күмүштак» жамаатынын көчөлөрүндөгү жаңы коюлган 4 көпүрөнүн үстүнө 10 машина шагыл түшүрүү үчүн, ашыкча түшкөн каражаттардан акча каражат бөлүп берүү жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Кермалиевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Смайылбеков |