Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-сентябры № 14
«Боо-Терек айылдык аймагындагы «Ч. Сатаев» атындагы маданият үйүнүн алдында жайгашкан бетон плиталардын ордуна темирден тосмо (забор) орноштуруу жөнүндө»
Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, «Боо-Терек айылдык аймагындагы «Ч. Сатаев» атындагы маданият үйүнүн алдында жайгашкан бетон плиталардын ордуна темирден тосмо (забор) орноштуруу жөнүндөгү» айылдын тургуну Жуманазаров Мукаштын өтүнүчүн угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Боо-Терек айылдык аймагындагы «Ч. Сатаев» атындагы маданият үйүнүн чыгыш-батыш жагында орношкон бетон плиталардын ордуна темирден тосмо (забор) орноштуруу үчүн айылдын тургуну Жуманазаров Мукаш менен келишим түзүлсүн.
2. Боо-Терек айылынын тургуну Жуманазаров Мукаш менен келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл-чарба боюнча жетектөөчү адиси Дж. Аблаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |