Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-сентябры № 17
«Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан «Билайн» жана «Мегаком» уюлдук кампаниялары менен жаңыдан келишим түзүү жөнүндө»
Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, депутат Ж. Алымбековдун «Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан «Билайн» жана «Мегаком» уюлдук кампаниялары менен жаңыдан келишим түзүү жана жылына уюлдук телефондорго толкун берүүчү станциялары үчүн 5 000 сомдон жылына аренда акы төлөтүү жөнүндөгү» сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.«Билайн» жана «Мегаком» уюлдук кампаниялары менен Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан телефондорго, толкун берүүчү станциялары үчүн, 5 000 сомдон жылына аренда акысын төлөтүүгө жаңыдан келишим түзүү жагы Боо-Терек айылдык аймагынын «Жайыт» комитетинин төрагасы Ж. Алымбековго милдеттендирилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарына калтырылсын.
Төрага | Э. Смайылбеков |