ТоктомКүчүндө

Боо-Терек айылдык Кеңешинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 19 «Боо-Терек айылдык аймагынын тургуну Саткыналиев Сүйүналынын үлүш жерин тактап берүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 24-сентябры № 19

«Боо-Терек айылдык аймагынын тургуну Саткыналиев Сүйүналынын үлүш жерин тактап берүү жөнүндө»

 Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, 2012-жылдын 4-сентябрындагы «Боо-Терек айылдык аймагынын тургуну Саткыналиев Сүйүналынын үлүш жери жөнүндөгү» №1 чыгыш сандуу кат кайрылуусун угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Боо-Терек айылдык аймагынын тургуну Саткыналиев Сүйүналынын үлүш жери такталып берилсин.

2. Боо-Терек айылдык аймагынын тургуну Саткыналиев Сүйүналынын үлүш жерин тактап берүү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл-чарба боюнча жетектөөчү адиси Дж. Аблаевге жана айылдык Кеңештин туруктуу жер боюнча комиссиясынын депутаттарына тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешинин депутаттарына калтырылсын.

 

Төрага

Э. Смайылбеков