Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-сентябры № 20
«Боо-Терек айылдык аймагындагы № 427, №428, № 390-контурларындагы жайгашкан үй-бүлөлөрдүн жанажарандардын үлүш жерлерин тактап, мурдагы биринчи баштапкы отурукташкан (орундарына) үлүш жерлерине жайгаштырып жана үлүш жерлерин тактап берүү жөнүндө»
Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, «Боо-Терек айылдык аймагындагы № 427, № 428, № 390-контурларындагы жайгашкан үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын үлүш жерлерин тактап, мурдагы биринчи баштапкы отурукташкан (орундарына) үлүш жерлерине жайгаштыруу жана үлүш жерлерин тактап берүү жөнүндөгү» көпчүлүк депутаттардын сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Боо-Терек айылдык аймагындагы № 427, № 428, № 390-контурларында жайгашкан үй бүлөлөрдүн жана жарандардын үлүш жерлерин тактап, мурдагы биринчи баштапкы отурукташкан (орундарына) үлүш жерлерине жайгаштырылып жана үлүш жерлери такталып берилсин.
2. Боо-Терек айылдык аймагындагы № 427, № 428, № 390-контурларындагы жайгашкан үй бүлөлөрдүн жана жарандардын үлүш жерлерин тактап, мурдагы биринчи баштапкы отурукташкан (орундарына) үлүш жерлерине жайгаштыруу жана үлүш жерлерин тактап берүү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл-чарба боюнча жетектөөчү адиси Дж. Аблаевге жана айылдык Кеңештин туруктуу жер боюнча комиссиясынын депутаттарына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешинин депутаттарына калтырылсын.
Төрага | Э. Смайылбеков |