Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-октябры № 21-3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин жана балдар бакчаларынын кышка даярдыгынын абалы жөнүндө
2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине айыл аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын даярдыгы жөнүндө Кыргыз-Ата айыл Кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде айтылган пикирлерди жана айыл кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Ата айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине карата айыл өкмөтү тарабынан көрүлгөн даярдык айтылган сын пикирлерди, айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө, мектеп директорлоруна жана балдар бакчаларынын башчыларына :
- 2015-жылдын күз-кыш мезгилине көрүлгөн даярдыкты айтылган сын-пикирлерди жана кемчилдиктерди эске алуу менен иштерин күчөтүшсүн;
- айтылган кемчилдиктерди оңдоо, кышка даярдыкты тездетүү, кышка даярдыктын сапатын жогорулатуу иштерине айыл өкмөтүнө 10 күндүк мөөнөт берилсин жана аткарылган иштерди кабыл алуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын катышуусунда жүргүзүлсүн;
- кышка карата түшүрүлгөн көмүрдүн сапатын текшерип алуу мектеп администрациясына тапшырылсын;
- С.Токторов атындагы мектептин мурдагы балдар бакчасына караштуу эски эмеректерин “Бөпөмай” балдар бакчасына өткөрүп берүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айылдын инфраструктурасын инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | С. Турдуев |