Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-сентябры № 22
«Боо-Терек айыл аймагынын тургуну Дооронбеков Марат Дооронбековичке Боо-Терек айылынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө»
Боо-Терек айыл аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, «Боо-Терек айыл аймагынын жашоочуларынын «Боо-Терек айыл аймагынын тургуну Дооронбеков Марат Дооронбековичке Боо-Терек айылынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү» кайрылуусун карап талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дооронбеков Марат Дооронбековичке Боо-Терек айылынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Дооронбеков Марат Дооронбековичке Боо-Терек айылынын «Ардактуу атуулу» наамы жөнүндөгү күбөлүгүн даярдап берүү жагы Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы И. Кермалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешинин депутаттарына калтырылсын.
Төрага | Э. Смайылбеков |