Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-апрели № 1
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын он жетинчи сессиясы, жогорудагы айтылган маселени карап чыгып, талкуулап
т о к т о м к ы л а т:
1. 1996-жылы ар кандай себептер менен жер үлүшүн албай калган жарандарга 2011-жылдын 26-апрелинен тартып, жер үлүшү берүү жөнүндө тизме жөнөтүлбөсүн.
2. Акыркы транш менен келген тизмедеги жарандарга жер берүү жагы токтотулуп, депутаттык комиссиянын кароосуна коюлсун.
3. Жаманкулов Муратка Кыргыз Республикасынын Жогорку кеӊешинин 2003-жылдын 20-февралындагы З №1030-II «Жарандарга жер үлүшүн бөлүп Берүү жөнүндөгү» токтомунун негизинде 1,11 га 3 (уч) жанга үлүш жери № 576 жер контурунан бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Кулукеев |