Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-октябры № 21-5
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кара-Кой айылына тиешелүү жерлеринин чек арасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кара-Кой айылына тиешелүү жерлеринин чек арасын бекитүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кара-Кой айылына тиешелүү жерлердин чек араларын Ноокат токой чарбасы, Кыргыз-Ата Улуттук Паркы, Кара-Таш, Гулистан айыл өкмөттөрү менен макулдашып тактоо жана юридикалык документтерин бүтүрүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер, жер, муниципиалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Турдуев |