ТоктомКүчүндө

Миң-Булак айылдык Кеңешинин 2011-жылдын 11-августундагы № 1 «Миң-Булак участкалык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер тууралуу маалыматтарды жана чогулуштун проотоколдорун бекитүү жөнүндө" токтому

Редакция11.08.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 11-августу № 1

 «Миң-Булак участкалык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер тууралуу маалыматтарды жана чогулуштун проотоколдорун бекитүү жөнүндө”

 Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын жыйырманчы сессиясы, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнүн белгилөө боюнча КР нын Жогорку кеңешинин 30.06.2011-ж. № 916-V токтомун жана саясый партиялардын жана айылдык округдук кеңешинин өзгөчөлүктөрүнүн сунуштаган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана чогулуштун протоколдорун жетекчиликке алып, карап чыгып, талкуулап

т о к т о м к ы л а т:

1. КР Президентин шайлоо боюнча Миң-Булак участкалык шайлоо комиссиясынын курамына саясый партиялардан жана айылдык кеңешинин өкүлчүлүктөрүнөн сунушталган талапкерлер жөнүндө маалыматтар жана чогулуштун протоколдору бекитилсин.

2. Миң-Булак участкалык шайлоо комиссиясынын курамы жана талапкерлерди көрсөткөн чогулуштун протоколдору Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.

14 (он төрт адам тизме тиркелет).

 

Төрага

К. Кулукеев.