Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-сентябры № 1
“Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айыл округдук кеңешинин кезектеги жыйырма биринчи сессиясы, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын жыйынтыгы жөнүндөгү № 1 протоколун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын жыйынтыгы жөнүндөгү №1 протоколу бекитилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна Табылдиев Молдалы Жалилович көпчүлүк добуш менен шайлангандыгы белгиленсин.
3. Миң-Булак айылдык округдук кеңештин ушул токтомунун бир нускасы Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Акматовага тапшырылсын.
Төрага | К. Кулукеев |