Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-ноябры № 1
«Ичүүчү суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмесинин “ИСКАКБ” нын жетекчисинин 9 айдагы аткарган иштери жөнүндөгү отчетун угуу”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын жыйырма экинчи сессиясы, жогорудагы айтылган маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”ИСКАКБ” нын жетекчиси Т.Сатыбалдиевдин 2011-жылдын 9-айында аткарган иштери канааттандырарлык эмес деп белгиленсин жана эскертүү берилсин.
2.Суу түтүктөрүн тез арада ремонттон өткөрүп, калкты таза суу менен камсыз кылуу Т.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
3.Баштапкы ремонт иши депутаттардын акча каражатынын эсебинен жана кызмат көрсөтүүсү менен жүргүзүлсүн.
4.2012-жылдын бюджетинде суу түтүктөрүнүн ремонту үчүн акча каражатын киргизүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Токторалиевага тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Кулукеев |