Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-ноябры № 2
«Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 9 айдагы аткарылышы жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын жыйырма экинчи сессиясы, жогорудагы айтылган маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-айында бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.2011-жылдын салык төлөмдөрүн чогултуу толугу менен аткарылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Кулукеев |