Загрузка документа…
МИӉ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-ноябры № 4
«Талас суусунан өтүүчү көпүрөнү АРИС аркылуу реконструкциялоо жөнүндө”
Депутаттардын Миӊ-Булак айылдык округдук кеӊешинин V чакырылышынын жыйырма экинчи сессиясы, жогорудагы айтылган маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас суусунан өтүүчү көпүрөнү реконструкциялоо боюнча долбоордун жазылып бүткөндүгү эске алынсын.
2. Долбоорго кошумча акча каражатын суроо жайыт комитетинин төрагасы Ш.Турдубаевге милдеттендирилсин.
3 .Калк тарабынан чогултулуучу өздүк салымды чогултууга: айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, жайыт комитетинин төрагасы, бухгалтери жана айылдык округдук кеңешинин депутаттары толугу менен тартылсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Табылдиевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Кулукеев |