Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-октябры № 21-8
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көк-Бөрү федерациясынын (жамаатынын) атын раматылык Сатыбалдыев Нурландын атына коюу жөнүндөгү токтомун бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көк-Бөрү федерациясынын (жамаатынын) атын раматылык Сатыбалдыев Нурландын атына коюп берүү жөнүндөгү суранган арызы жана федерациянын мүчөлөрүнүн чогулушунун токтомун угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аймагындагы Көк-Бөрү федерациясынын (жамаатынын) мүчөлөрүнүн федерациянын атын раматылык Сатыбалдыев Нурландын атына коюу жөнүндөгү токтому бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аймагындагы Көк-Бөрү федерациясынын (жамаатынын) аты Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сатыбалдыев Нурлан атындагы Көк-Бөрү федерациясы деп аталсын
3. Федерациянын юридикалык документтерин каттоодон өткөрүү жагы федерациянын жетекчилигине милдеттендирилсин
Төрага | С. Турдуев |