ТоктомКүчүндө

Салам-Алик айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 3-ноябрындагы № 49 «Айыл өкмөтүнүн башчысынын жылдык отчетун берүү үчүн өткөрүлүүчү Салам-Алик айыл аймагында элдик курултайлардыншарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 алтынчы чакырылыш кезектеги тогузунчу сессиясы

2017-жылдын 3-ноябры № 49

“Айыл өкмөтүнүн башчысынын жылдык отчетун берүү үчүн өткөрүлүүчү Салам-Алик айыл аймагында элдик курултайлардыншарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү жөнүндө”

 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана жалпы депутаттардын добуш берүүсүнө ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын тогузунчу сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМКЫЛАТ

1.Айыл өкмөтүнүн башчысынын жылдык отчетун берүү үчүн өткөрүлүүчү Салам-Алик айыл аймагында элдик курултайларды өткөрүү маселеси четке кагылсын.

2.Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Шайбеков И.Д.