САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылыш кезектеги тогузунчу сессиясы
2017-жылдын 3-ноябры № 56
“15 жаш айылынын тургуну, маркум Түркмөнов Качкенин ысымын Ак-Терек токойчулугунун 15 жаш айылындагы № 2-обхотко коюууга сунуш берүү”
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсине жана жалпы депутаттардын сунушуна ылайык Салам-Алик айылдык кеӊешинин алтынчы чакырылышынын тогузунчу сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 15 жаш айылынын тургуну, маркум Түркмөнов Качкенин ысымын Ак-Терек токойчулугунун 15 жаш айылындагы № 2-обхотко ыйгарууну Өзгөн токой чарбасынын жалпы жамаатына жана кесиптик бирлигине сунушталсын.
2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеӊешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Шайбеков И.Д. |