ТоктомКүчүндө

Салам-Алик айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 3-ноябрындагы № 57 «Ак-Терек айылындагы бала-бакчанын жана Кызыл-Байрак айылындагы ФАПтын имараттарынын ремонттук абалы жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

алтынчы чакырылыш кезектеги тогузунчу сессиясы

2017-жылдын 3-ноябры № 57

 “Ак-Терек айылындагы бала-бакчанын жана Кызыл-Байрак айылындагы ФАПтын имараттарынын ремонттук абалы жөнүндө”

 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана жалпы депутаттардын добуш берүүсүнө ылайык Салам-Алик айылдык кеӊешинин алтынчы чакырылышынын тогузунчу сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ак-Терек айылындагы бала-бакчанын имаратынын ремонту сапатсыз бүткөрүлгөндүгүнө байланыштуу аны көзөмөлдөгөн технадзордон талап кылуу Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2. Кызыл-Байрак айылындагы ФАПты ремонттоо боюнча тийиштүү иштерди алып баруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеӊешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Шайбеков И.Д.