Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-ноябры № 58
«Сай-Аска» ЖЧКна Беш-Терек участкасында лицензиялык ишмердүлүгүн жүргүзү үчүн жер бөлүкчөсүн бөлүп берү жөнүндө
«Сай-Аска» ЖЧКнун Беш-Терек участкасынан көмүр казууга убактылуу пайдаланууга жер бөлүкчөсүн болүп берү жөнүндөгү 2017-жылдын 26-октябрындагы № 5 сандуу катынын негизинде Салам-Алик айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы» жөнүндөгү 2012-жылдын 9-августундагы № 160 кабыл алынган Мыйзамынын 5-бөлүгүнүн 39-статьясынын № 1-4-9-бөлүкчөлөрүнүн негизинде жана № 51-сатьясынын 4-бөлүгүнүн 1-2-4-бөлүкчөлөрүн негизинде карап, Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети тарабынан 16-февраль 2017-жылы берилген 4552 СЕ лицензиясынын жана № 2 лицензиялык макулдашуунун негизинде көмүр казууга Салам-Алик айыл аймагынын Беш-Терек участкасынан 447,28 га жер бөлүгүн убактылуу пайдаланууга берүгө макулдук берилсин.
2. «Сай-Аска» ЖЧК менен айыл өкмөтү сессияда сунуш кылынган шарттар боюнча келишим түзүү жана жумушчу кызматчыларынын 70% ин жергиликтү жумушчуларды кабыл алуу сунушталсын.
3. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Шайбеков И.Д. |
Бишкек шаары г.Бишкек
№ 05 26-октябрь 2017-жыл
КАЙРЫЛУУ
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы
Инашов Эдилбек Султанбековичке
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы
Шайбеков Исмаилжан Дөөлөтбаевичке
«Сай-Аска» ЖЧКу Сиздерге КР мыйзамдарынын негизинде макулдугуёуздарды сурап кат менен кайрылуудабыз.
Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы» жөнүндөгү (9-август 2012-ж) № 160 кабыл алынган мыйзамынын 5-бөлүгүнүн 39-статьясынын № 1-4-9-бөлүктөрүнө жана № 51-статьясынын 4-бөлүгүнүн 1-2-4-бөлүкчөлөрүнүн негизинде карап, Кыргыз Респрубликасынын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети тарабынан 16-февраль 2017-жылы берилген 4552 СЕ лицензиясынын жана № 2 лицензиялык макулдашуунун неги зинде проектисине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Беш-Терек участкасынан бардыгы 447,28 га жер бөлүкчөсүн убактылуу пайдаланууга бөлүп берүгө макулдугуёуздарды суранабыз.
«Сай-Аска» ЖЧКу 7 жумушчу орун же болбосо 70% жергиликтү жумушчулар айыл өкмөтү менен түзүлгөн социалдык пакеттеги келишимдин бардык шарттарын аткарабыз жана биздин «Сай-Аска» ЖЧКу жалпы эле Өзгөн району жана анын ичинен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн элинин бардык тарабынан өнүгүшүнө ар тараптан көмөк көрсөтүгө даяр экендигин билдирет.
«Сай-Аска» ЖЧКнун
башкы директору Ж.Ашимов.