ТоктомКүчүндө

Кара-Коюн айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 3 «Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Мамбетакунов Белектин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

6-чакырылышынын кезексиз 6-чы сессиясы

2017-жылдын 25-августу № 3

« Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Мамбетакунов Белектин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө»

Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Мамбетакунов Белек каза болгондугуна байланыштуу айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Мамбетакунов Белек каза болгондугуна байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Мамбетакунов Белек каза болуп депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганына байланыштуу Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттыгына кийинки көп добуш алган талапкерди аныктап берүү Ат-Башы райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Төрага

Ш.Апысов

 

Каттоо №37