ТоктомКүчүндө

Ат-Башы айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 16-июнундагы № 6-2 «Ат-Башы райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 25-апрелиндеги чыгыш № Б-147-17 сандуу каты жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кезектеги VI сессиясы

2017-жылдын 16-июну № 6-2

«Ат-Башы райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 25-апрелиндеги чыгыш № Б-147-17 сандуу каты жөнүндө»

 Ат-Башы райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 25-апрелиндеги чыгыш № Б-147-17 сандуу каты тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахаттын сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ат-Башы райондук прокуратурасына кызматтык үй куруу үчүн Ат-Башы айыл аймагынын «Улан-2» жаӊы конушунан 700 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилсин;

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатка милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.

4.    Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаӊылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.                                                                                                                     

 

Төраганын орун басары

К. Асанбаева

Каттоо №19