ТоктомКүчүндө

Кара-Кужур айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 8-сентябрындагы № 5 «Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдар үчүн стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жѳнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-КУЖУР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2017-жылдын 8-сентябры № 5

«Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдар үчүн стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жѳнүндө»

Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдар үчүн стратегиялык өнүгүү планын бекитилсин.

2.    Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn-region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Аалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Тентимиш уулу А