Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13- апрели № 7
«Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы кондитердик цехи жамаат «Артык боюнча, ПРООН тарабынан каржыланган проектинин долбоорунун бюджетин бекитүү жөнүндө»
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы: Б.Кыдырмаевдин маалыматын жана Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы,
токтом кылат:
1. Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы кондитердик цехи- жамаат «Артык», ПРООН тарабынан каржыланган проектинин долбоорунун бюджети, 560 210 сом мунун ичинен ПРООН тарабынан берилүүчү сумма 365 000 сом, өлчөмүндө бекитилсин.
2. Акча каражатын өз убагында которуп берүү жагы, Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы: Ж.Саятчиновага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: Б.Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
Төрайымы | Г. Калмаматова |