Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын-13-апрели № 6
«Кызыл-Жылдыз айыл аймагында сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча ПРООН тарабынан каржыланган проектинин долбоорунун бюджетин бекитүү жөнүндө»
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаевдин маалыматын жана Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы, токтом кылат:
1.Кызыл-Жылдыз айыл аймагында сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча ПРООН тарабынан каржылаган проектинин долбоорунун бюджети 410 422 сом, мунун ичинен ПРООН тарыбынан берилүүчү сумма 261 300 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Акча каражатын убагында которуп берүү жагы Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчыс- Ж.Саятчиновага милдеттендирилсин
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы- Б.Кыдырмаевге жүктөлсүн.
Төрайымы | Г. Калмаматова. |