Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-октябры №52
Ноокат токой чарбасынын Кыргыз-Ата айылдык аймагынын Кара-Кой бөлүмүндөгү тургундарынын калктуу конуштары жана айыл чарба багытындагы айдоо жерлерин КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 24.08.2015-жылдын № 01-28-1579 сандуу катынын негизинде кайтарып алуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык аймагынын жашоочуларынын пайдалануусунда болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 2-августундагы № 352 токтомунун негизинде 68,2 га жер аянты Ноокат токой чарбасына өтүп кеткен, айыл чарба багытындагы айдоо жерлеринен 9,82 га, турак жай жайгашкан аянттардан 7,42 га үлүштүк жерлерден 14,13 га чөп жай айянттарынан 6,66 га жана башка жерлер болуп бардыгы 38,03, га жер аянтын кайтарып алуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-ата айылдык аймагынын жашоочуларынын пайдалануусунда болгон КР Өкмөтүнүн 1996-жылдын 2-августундагы № 352 токтомунун негизинде 68,2 га жер аянты Ноокат токой чарбасына өтүп кеткен, айыл чарба багытындагы айдоо жерлеринен 9,82 га, турак жай жайгашкан аянттардан 7,42 га үлүштүк жерлерден 14,13 га чөп жай айянттарынан 6,66 га жана башка жерлер болуп бардыгы 38,03, га жер аянты айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып алынсын.
2. Кайтарып алууга керектүү документтерин даярдоо жана тиешелүү жогорку органдарга тапшыруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Асановго тапшырылсын.
3. Токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин сессиясында суралсын.
Төрага | С. Турдуев |