Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-октябры № 2
«Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы, көчөгө наам берүү жөнүндө»
Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Т.Тенирбергеновдун арызын карап, сунушун угуп жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши,
токтом кылат:
1. Кызыл-Жылдыз айылындагы, Ж.Казыбековдун үйүнөн З.Турумбековдун үйүнө чейинки көчөгө «Тултуков Тенирберген» атындагы көчө деген наам берилсин.
2. Арыз ээси Т.Теңирбергеновго ушул көчөдө жайгашкан үйлөргө номер берүү жана тазалыгына көз салуу милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Кыдырмаевге жүктөлсүн.
Төрайымы | Г. Калмаматова |