Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-октябры № 1
«АРИС «Айылды инвестициялоо -3» долбоорунун алкагында Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү стратегиясын, инвестициялык планын жана конкурстук комиссиясынын чечимин бекитүү жөнүндө»
АРИС «Айылды инвестициялоо -3» долбоорунун алкагында, Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн, өнүктүрүү стратегиясын, инвестициялык планын жана конкурстук комиссиясынын чечимин бекитүү боюнча, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши карап жана талкуулап,
токтом кылат:
1.Кызыл-Жылдыз айыл аймагында, конкурстук комиссиянын, айылдардан чыккан көйгөйлөрдү приоритеттештирүү боюнча 10.11.2015-жылы чыгарган чечими бекитилсин.
2.Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын жумушчу-тобу тарабынан алымча-кошумчасы менен иштелип чыккан, 2015-2017-жылдары жергиликтүү аймакты өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планы бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы: Б.Кыдырмаевге жүктөлсүн.
Төрайымы | Г. Калмаматова |