ТоктомКүчүндө

Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңешинин2015-жылдын 25-августундагы № 2 «Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин кезектеги 13-сессиясынын №2 токтомуна, үнөмдөлгөн каражатка өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция25.08.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

КЕЗЕКТЕГИ 15-СЕССИЯСЫ

 2015-жылдын 25-августу № 2

«Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин кезектеги 13-сессиясынын №2 токтомуна, үнөмдөлгөн каражатка өзгөртүү киргизүү жөнүндө»

 

 Кызыл-Жылдыз айылындагы, «Байчачекей-Жумгал» бала бакчасынын имаратын толук капиталдык ремонттон өткөрүү максатында, өздүк салым чечип берүү үчүн

 

токтом кылам:

 

1. Кызыл-Жылдыз айыл аймагында жайгашкан,«Байчачекей-Жумгал» бала бакчасынын имаратын толук капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, 166 676 (бир жүз алтымыш алты мин жүз жетимиш алты) сом 5 пайыздык өздүк салым, Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.

2. өздүк салымды камсыздоо жагы Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы: Ж.Саятчиновага тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүктү өзүмө калтырамын.

 

Төрайымы

Г. Калмаматова