ТоктомКүчүндө

Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 16-январындагы № 2 «Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине тиешелүү ички жайыттар категориясына кирген «Сөлпү-Баш» жайыт жери жөнүндө» токтому

Редакция16.01.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

КЕЗЕКТЕГИ 17-СЕССИЯСЫ

 

 2016-жылдын 16-январы № 2

 «Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине тиешелүү ички жайыттар категориясына кирген «Сөлпү-Баш» жайыт жери жөнүндө»

 Көк-Ой айылынын тургуну Бердигулов Сагынбек Самаровичтин 15.11.2015-ж жазган аразын карап жана Кызыл-Жылдыз жайыт комитетинин төрагасы: Д.Өмүрзаковдун билдирүүсүн угуп,талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши,

токтом кылат:

1.Кызыл-Жылдыз жайыт комитетине тиешелүү, «Сөлпү-Баш» ички жайытынын 0,4 га жер аянтын, жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн,келишимдин негизинде, Көк-Ой айылынын жашоочусу Бердигулов Канатбек Самаровичке, 2(эки)жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.

2.Кызыл-Жылдыз жайыт комитетинин төрагасы Д.Өмүрзаков ижарага берилип жаткан жер аянтын, жеринен барып ченеп,тактап келишимдин шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: Б. Кыдырмаевге жүктөлсүн.

 

Төрайымы

Г. Калмаматова