Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-сентябры № 11/52
«Улан-Чи ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдин шартын өзгөртүп,ижара акысын көтөрүү жөнүндө»
«Улан-Чи» жоопкерчилиги чектелген кому менен түзүлгөн ижара келишимнин шартын өзгөртүп, кайрадан түзүү жана жерге болгон ижаранын акыларын көтөрүү жөнүндөгү айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп, талкуулап инфляцияны эске алып Мады айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. « Улан-Чи» жоопкерчилиги чектелген кому менен түзүлгөн келишимдин шарттары кайрадан каралып чыгып,өзгөртүлүп түзүлсүн.
2. Ижарага берилген жерлердин баалары төмөндөгүдөй тарттипте белгиленсин;
- Кыш заводуна кыш даярдоо үчүн топурак алынуучу жерлердин ижара акылары бир жылына 1 (бир ) гектар үчүн 10 000 (он мин) сом өлчөмүндө
- шагыл майдалоочу заводуна берилген шагыл алынуучу жерлердин 1 ( бир ) гектар жерине бир жылына 10 000 (он мин) сом өлчмүндө ижара акылары бекитилсин.
3. «Улан-Чи» жоопкерчилиги чектелген кому менен түзүлгөн келишимдин шарттарын карап чыгып, кайрадан жаңылап түзүү жана ижара акыларын токтомдун экинчи пунктунун талаптарына ылайык. «Улан-Чи» жоопкерчилиги чектелген коомунан өндүрүү жагы Мады айыл өкмөтүнүн жетекчилигине (Ж.Матанбаевке) жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чындоо ,кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (б.Мадазимовко) жүктөлсүн.
Төрага | К. Султанбеков |