ТоктомКүчүндө

Ача-Кайынды айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 4-декабрындагы № VII/IV «Ача-Кайынды айыл аймагынын Бала-бакчасынын имаратынын эшик-терезелерин, чатырчасын алмаштыруу долбоору жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

2017-жылдын 4-декабры № VII/IV

«Ача-Кайынды айыл аймагынын Бала-бакчасынын имаратынын эшик-терезелерин, чатырчасын алмаштыруу долбоору жөнүндө»

Ача-Кайынды айыл аймагынын Бала-бакчасынын башчысы С.Оморованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз YII сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т

1.Ача-Кайынды бала-бакчасынын башчысы С.Оморованын бала-бакчанын имаратынын эшик-терезелерин чатырчасын алмаштыруу боюнча 21.11.2017-жылдагы № 22 кайрылуусу канааттандырылсын.

2.Бала-бакчанын эшик-терезелерин,чатырчасын алмаштыруу боюнча республикалык стим.грантка сунушталган долбоорунун өздүк салымынын 137796 (Бир жүз отуз жети миң жети жүз токсон алты) сомун жергиликтүү бюджеттен келерки 2018-жылдын бюджеттен сурап бекитүү жагы каралсын.

Өздүк салымдын калган 40,0 (кырк) миң сомун демөөрчүлүк жолу менен табуу жагы Ача-Кайынды бала бакчасынын башчысы С.Оморовага милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмунүн башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.

 

Төрага

А. Мурзалиев