Редакцияот 03.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын X сессиясы

 

2018-жылдын 3-февралы № X-3

“Ноокат шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн айланасын жарыктандыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”

Ноокат шаарынын Ленин көчөсүндөгү № 30, М.Эргешов көчөсүндөгү № 22,24,26, С.Алимбаев атындагы көчөсүндөгү №40,42,44,51,52,53 жана Ханкелдиев атындагы көчөсүндөгү № 1,2,3 көп кабаттуу үйлөрүнүн айланасын түнкү жарык менен жарыктандыруу жана кошумча аткарылган жумуштар үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

1.Ноокат шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн айланасын жарыктандыруу үчүн 80 940 (сексен миң тогүз жүз кырк) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыкты эсебинен ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Гафаров