Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-сентябры № 33
Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдын I-II-III-кварталдарында иштетилбей калган кээ бир статьяларындагы акча каражаттарын башка статьяларга которуу жана жергиликтүү бюджеттин жарым жылдыгында аткарылышы жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин жарым жылдыгында аткарылышы жана 2016-жылдын I-II-III-кварталдарында иштетилбей калган кээ бир статьяларындагы акча каражаттарын башка статьяларга которуу жөнүндө ФЭБ башчысы М.Зайналов даярдаган билдирүүнү угуп, талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин жарым жылдыгында аткарылышы канаттандыраарлык деп белгиленсин.
Аппарат бѳлүмүнѳ 70111.
2. Аппараттын 3111 статьясына 1135,0 миң сом каралган акча каражатынын 250,0 миң сомун 3112 статьясына которулсун. Аппараттын 2221 статьясынын 2016-жылдын 1-октябрына калган калдык 265,0 миң сом акча каражатын аппараттын 2222 статьясына 265,0 миң сом которулсун.
Клубтар бѳлүмүнѳ 70823.
3. Клубтардын 2016-жылдын 1-октябрына калган калдык 3111 статьясындагы 1303,8 миң сом которулган акча каражатынын 482,0 миң сом акча каражаты 9-бѳлүмдүн балдар бакчасына 3111 статьясына которулсун.
Бала-бакча бѳлүмүнѳ 709
4. Балдар бакчасынын 2016-жылдын сметасында каралаган 2222 статьясындагы иштетилбей калган394,4 миң сом акча каражатын 3111 статьясына 214,4 миң сом которулсун.
5. Балдар бакчасынын 2231 статьясынын электр энергиядан 2016-жылдын 1-октябрына калган калдык 90,0 миң сом, аппараттын 2222 статьясына которулсун.
Мектептер 709
6. Башталгыч мектептин 2231 статьясынын 2016-жылдын 1-октябрына калган калдык электр энергиядан 80,0 миң сом башталгыч мектептин 2222 статьясына 29,9 миң сом аппараттын 2222 статьясына 51,0 миң сом которулсун.
7. Орто мектептин 2231 статьясынын электр энергиядан 2016-жылдын 1-октябрына калган калдык 300,0 миң сом, орто мектептердин 2222 статьясына 116,0 миң сом, аппараттын 2222 статьясына 184.0 миң сом которулсун.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Зайналовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |