Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № Х-5
«Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын айланасына тосмолорду жасоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө»
Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын айланасына тосмолорду жасоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын айланасына тосмолорду жасоо үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 300 000 (үч жүз миң) сом ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |