Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № X-6
“Ноокат шаарынын ветеринардык кызматкерине шаар мэриясынын имаратынан өзүнчө бөлмө жасоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө»
Ноокат шаарынын ветеринардык кызматкерине шаар мэриясынын имаратынан өзүнчө бөлмө жасатып берүүгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын ветеринардык кызматкерине шаар мэриясынын имаратынан өзүнчө бөлмө жасоогоНоокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 98 000 (токсон сегиз миё) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |