Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № X-7
“Ноокат шаар мэриясынын имаратынын биринчи кабатындагы жаныдан уюштурулган Ноокат шаардык милиция бөлүмчөсүн жана үчүнчү кабатындагы мансардды оңдоп-түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаар мэриясынын имаратынын биринчи кабатындагы Ноокат райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жаныдан уюшулган Ноокат шаардык милиция бөлүмчөсүн жана үчүнчү кабатындагы мансарддын ондоп-түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеёешининбюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуукомиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаар мэриясынын имаратынын биринчи кабатындагы Ноокат райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жаныдан уюшулган Ноокат шаардык милиция бөлүмчөсүн жана үчүнчү кабатындагы мансарддын ондоп-түзөө үчүнНоокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 360000 (үч жүз алтымыш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |