Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2018-жылдын 3-февралы № X-8
“Ноокат шаар мэриясынын имаратын, мектептерин, балдар бакчаларын 2017-2018-жылдары үчүн электр лабораториясынан өткөрүүгө жана техникалык шарттарды түзүүгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаар мэриясынын имаратын, мектептерин, балдар бакчаларын 2017-2018-жылдары үчүн электр лабораториясынан өткөрүүгө жана техникалык шарттарды түзүүгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешининбюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуукомиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаар мэриясынын имаратын, мектептерин, балдар бакчаларын 2017-2018-жылдары үчүн электр лабораториясынан өткөрүүгө жана техникалык шарттарды түзүүгө Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен120 000 (бир жүз жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |