Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № X-9
“Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү арыктарды тазалоого, түнкү жарыктандырууга тоскоол жаратып жаткан дарактардын бутактарын бутоого, мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдү алууга,акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө»
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2018-жылдын 25-январындагы № 07-4ү23 катын талкуулап, Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү арыктарды тазалоого, түнкү жарыктандырууга тоскоол жаратып жаткан дарактардын бутактарын бутоого, мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдү алууга, акча каражатын ажыратып берүүжөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү арыктарды тазалоого, түнкү жарыктандырууга тоскол жаратып жаткан дарактардын бутактарын бутоого, мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдү алуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |